Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык балдарды эң көп америкалыктар асырап алат

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 759 | 0

Бүгүнкү күндө өлкөдө балдарга жөлөкпулдун 3 түрү берилүүдө, алар сүйүнчү, үй-бүлөгө жардам, социалдык жөлөкпул. Ай сайын берилип жаткан социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 3-4 миӊ сом түзүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова маалымдагандай, 2014-2018-жылдар аралыгында 4 миң бала багылып алынган. Анын ичинде 4048ин кыргыз жарандары, 93үн чет өлкөлүк жарандар багып алган. Чет өлкөлүктөрдүн арасынан эң көп америкалыктар багып алышкан.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеште билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, спорт чөйрөсүндө балдардын укуктарын ишке ашыруу маселесине арналган «Өкмөттүк саат» өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM