Биз менен байланышыңыз

Эки колунан ажыраган жоокерге 1 млн сомдон ашык акча чогултулду

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 944 | 0

Майлуу-Суу шаарында токко урунуп эки колунан ажыраган катардагы жоокер Руслан Сапарбаевге 1 миллион 448 миң 744 сом жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы билдирди.

Ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлеринин бир күндүк айлык акысы жардам катары эсепке которулду.

Маалыматка ылайык, жакында жоокерге медициналык борбордун дарыгерлери бионикалык протездерди орнотуу үчүн кароого келишет.

Эске салсак, 19-августта жоокер кезмет учурунда көмөк чордонундагы зымдарга тийип, күйүк алган. Аны Бишкекке ооруканага алып келишип, дарыгерлер эки колун чыканагына чейин кесип салууга мажбур болушкан.

Бул окуяны текшерүүдөн кийин аскердик бөлүктүн командири кызматынан бошотулуп, күнөөлүү кызмат адамдары дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Жалал-Абад облусунун аскер прокуратурасы аталган факт боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM