Биз менен байланышыңыз

КСДП: Өкмөттүн экспорттук көрсөткүчү начар

Саясат | 28 Сен 2018 | 1179 | 0

КСДП фракциясы өкмөттүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү багытында аткарган ишин сынга алды. Ал эми өкмөт болсо тигүү өнөр жайына патент киргизгенден кийин экспорттун көлөмү кыйла өскөнүн кабарлады. Өз кезегинде депутаттар аткаруу бийлигин өнөр жайын эле карап олтурбастан, тамак-аш сыяктуу тармактарды да экспортко чыгаруу жолдорун караштырууну талап кылышты. 

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү багытында өкмөттүн аткарган иши жөнүндө маселе каралды.

Отурумда вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргызстандын айыл чарбасы менен тигүү өнөр жайынын өнүмдөрү негизинен экспортко багытталганын белгиледи.

Анын айтымында, өлкө беш жылда өнүккөн 50 мамлекеттин катарына кошулат.

-Биз тигүү өнөр жайына патент киргизгенден кийин экспорттун көлөмү кыйла өскөнү байкалды. Азыр Кыргызстанда тигилген кийим-кечелер Орусиянын базарларында эле эмес, маркеттерде да сатылып жатат.

Аскаровдун баяндамасынан кийин фракция депутаттары экспортко байланыштуу суроолорду өкмөттүн мүчөлөрүнө узатышты. Тиешелүү жетекчилер эл өкүлдөрүнүн облустардын бюджети тууралуу, дотациядагы аймактар жана ушул сындуу суроолоруна жөндөп жооп бере алган жок. Мындан улам өкмөт сынга алынды.

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркуловдун пикиринде, жалгыз айыл чарбасы менен тигүү өнөр жайын карап отура бербей, тамак-аш сындуу тармактарды да экспортко чыгаруу жолдорун караштыруу зарыл.

-Кыргызстан ЕАЭБ алкагынан четтеп калуу коркунучу бар, биз андан сүрүлүп калбашыбыз керек. Коӊшу өлкөлөр өз товарларын Кыргызстандын базарына толтуруп салды. Мисалы, Беларуссиядан сүт азыктары келүүдө, а эртеӊ чек ара жабылып калса эмне болот? Биз азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла алабызбы? Статкомитеттин эле ролун аткарып калдыңар. Кылган иши жоктугуна карабай айыл-чарба министрлигин кармап отурасыңар. Инвесторлор келсе, алар менен иштешкенди билбейсиңер.

Өмүркулов өкмөттүн эскиче иштеп, стратегиясы жок экенин, ошондон улам экономика өнүкпөй, ири ишкерлер четке кетип жатканын кошумчалады.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина аймактарда жерди отоо басып, ишканалар жабылып жатканын айтып, өкмөттө кадрдык тазалоо зарылдыгын белгиледи.

-Көп кызматкерлердин мүмкүнчүлүгү чектелүү, башка бирөөнүн мойнунда отурушат. Кимдир бирөөлөр жетелеп келген жек-жаатыӊарды калкалаганды токтоткула. Алардан тезинен кутулуп, дасыккан адистерди тартыш керек. Президент аймактарды өнүктүрүүгө даяр, бирок мындай кадрлар менен аны ишке ашыра албайбыз. Айрыкча Айыл чарба министрлигинин ишине көӊүл бурулууга тийиш.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын экспорттук көрсөткүчү 380 млн 249,7 миң долларды түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу төмөн болгон.

Депутаттар өкмөттү Кыргызстан ЕАЭБге кошуларда экспортту 250 млн долларга жеткирүү убадасын эске салышты. Алар убада азыркыга чейин аткарылбаганын, тоо-кен тармагын колго алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлбөй жатканын белгилешти.

Депутат Искендер Матраимов өкмөттү экономиканы өнүктүрүп, аймактардагы элдин жашоосун жакшыртуу багытында пландуу иш-аракеттери жоктугу үчүн сынга алды.

 Мен сиздердин маалыматыңыздарга канааттанган жокмун. Силер «кылып атабыз», «пландап атабыз» деп эле айтып атасыңар, бирок иш жүзүндө өкмөттүн иши көрүнбөй жатат. Сиздердин аймактарга жасаган иш сапарыңыздардын  максаты – мектеп, бала бакчалардын ачылышына катышып, чай ичип, конок болуу  болуп калды. Ал эми губернатор, мэр, акимдердин милдети силерди татыктуу тосуп алып, коштоп жүрүүгө айланды.  Мындай практиканы токтотуу керек, экспортту өнүктүрүү үчүн эң башкысы жеке ишкерлерге тоскоолдуктарды жаратканыңарды токтоткула.

Эл өкүлү Мурадыл Мадеминов болсо көпчүлүк коалиция өкмөттүн отставкасы тууралуу маселени кароосу керектигин сунуштады.

-Бардык тармакта өсүү минус көрсөткүчү менен кетип баратат. Мына, бизге жыл жыйынтыгы келди десек болот. Ушундай көрсөткүч менен иштеген өкмөттүн маселесин кароо үчүн коалициялык көпчүлүк чогулушубуз керек. Биз өкмөттү бекиткен соң элге жооп беребиз, эртең уят болуп калбайлы. Бул өкмөттүн өз эрки менен отставкага кетүүгө эрки жетпейт. Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы бул маселени карашыбыз керек.

Жыйынтыгында фракция эспортту өнүктүрүү боюнча өкмөттүн аткарган ишин маалымат катары угуу чечимине токтолду. Аталган маселе боюнча парламенттин жалпы жыйынына даярданып келүүсү талап кылынды.

Copyright © 2017 Maral FM