Биз менен байланышыңыз

Талиева: Тажрыйбасы бар адам азыркы өкмөткө барбайт

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 647 | 0

Ишти билген, тажрыйбасы бар адам болсо да азыркы өкмөткө чакыруу түшсө барбайт. Анткени өкмөттүн бюджети белгилүү. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Камила Талиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт өтө чабал болуп жатат. Бүгүнкү күндө ИДПнын көлөмү киши ыйлай турган абалда.

«Аткаруу бийлигине чакыруу болсо социалдык тармакка барып иштешим мүмкүн. Бирок каражат тартыш болгон жерде маселе чечүү мүмкүн эмес. Көйгөйдү жоё албаган соң жөн эле барып креслого отурууну туура көрбөйм. Маселелер, элдин көйгөйү чечилбей өкмөттүн абалы ташбака жүрүш. Коррупция күчөп жатат. Жөлөк пул алуу үчүн сөйкөсүн чечип бергендер болууда», — дейт Талиева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM