Биз менен байланышыңыз

Талиева: Элдик оозеки чыгармачылык унутулуп бара жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 1110 | 0

Бүгүнкү күндө кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгы унутулуп бара жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Камила Талиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, майда жанрдагы фольклордук чыгармалар дээрлик унутулуп калган. Бул Улуттук илимдер академиясы, илимпоздор үчүн чоң көйгөй.

«Балдар жомокторун эл ичинен чогултуу мүмкүн болбой калды. Көбүрөөк кошокторду, ашыктык ырларын улуу муундун оозунан жазып калуу ниетибиз бар болчу. Мындай жанрдагы чыгармалырды чогултуу кыйынчылыкка турду. Андыктан фольклорду эл ичинен чогултуп калышыбыз керек», — дейт Талиева.

Ал көп убактысы региондорду кыдырууга кеткенин белгилеп, ал аралыкта аймактардагы  кейиштүү көйгөйлөргө туш болгонун кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM