Биз менен байланышыңыз

Үмөталиева: Жарандык кодекс өлкө келечеги үчүн коркунучтуу

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 1300 | 0

«Жарандык кодексти токтотуу зарыл. Болбосо укук коргоо органдары каалаганын камап жатат.» Мындай пикирин аталган уюмдун жыйынына катышып келген укук коргоочу Токтайым Үмөталиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жарандык кодекс өлкө келечеги үчүн коркунучтуу. УКМК кылмыштарды тергөө милдетин өзүнө алып жергиликтүү тергөө институттары иштебей калган.

«Бурулайдын өлүмү боюнча жакшы иликтөө жүрсө башка кырдаалдар жаралышы мүмкүн. Биз бир нерсе болсо дароо жарыялап салабыз. Ким күнөөлүү экенин сот гана аныктайт. Бурулайды жанындагы жигит өлтүрдү деген чечим чыкты.  Бирок ал мойнуна алган жок», — дейт укук коргоочу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM