Биз менен байланышыңыз

КСДП партиясына 25 жыл болду

Саясат | 25 Сен 2018 | 931 | 0

Бүгүн, 25-сентябрда Кыргызстан социал-демократиялык партиясына 25 жыл болду. Буга карата экс-президент Алмазбек Атамбаев партиялаштарын куттуктап, партиянын бул аралыктагы ишмердүүлүгү тууралуу айтты.

1993-жылдын 25-сентябрында Бишкекте КСДП партиясынын биринчи курултайы болуп өткөн. Бул күнгө карата мурунку мамлекет башчы, КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев патиялаштарын куттуктады.

Анын айтымында, КСДП элдин кызыкчылыгын коргоо жана адамдардын жыргалчылыгы үчүн иштеп, эркиндик менен адилеттүүлүк үчүн күрөштү. Бул үчүн үй-бүлөлүк – кландык режимдер башкарган жылдары партиялаштар ырайымсыз куугунтукка алынып, жумуштарынан айдалып, кордук көргөн.

Тарых КСДПнын алдына далай ирет эң кыйын тандоолорду койгон. Биз дайыма туура чечимдерди таап келгенбиз. Бирок ага карабай, тазалануунун жана жаңылануунун учурдагы этабы өзгөчө оор болуп жатат. Анткени бүгүнкү күндө биздин партиянын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар, партия тарабынан бийик мамлекеттик кызматтарга көрсөтүлгөндөр биздин партиябызга кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманат кылганга бүт аракеттерин жумшап жатат. Ошондуктан биз бүгүн партиянын ишин тереӊ талдап, жетишкендиктерди ойдон сыдырып, кетирген катачылыктардан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Тескерисинче, ушул оор шарттарды пайдаланып биз “уйгактардан”, мансапкорлордон, саткындардан тазаланып алышыбыз керек.

Аталган партиянын мүчөсү Сагынбек Абдырахманов төраганын куттуктоосуна ыраазычылык билдирүү менен анын айрым сөздөрүнө кошулган жок. Тескерисинче Атамбаев партиянын аброюн түшүрүп, залакасын тийгизип жатат.

-Албетте, Алмазбек Атамбаевдин кылган ишин жокко чыгаруу туура эмес болуп калат. Бирок бүгүнкү күндө партияга залакасын тийгизген, зыян келтирген жана аброюн түшүргөн Алмазбек Шаршенович десек жаңылбайбыз. Себеби, ал киши үй-бүлөлүк башкарууга каршымын деп жүрүп, мурунку президенттердин жанында жүргөндөрдү тегерегине чогултуп алды.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков Кыргызстанда 25 жылдык тарыхы бар партиялар саналуу гана экенин айтат. Анын оюнда партиянын мындан кийинки тагдыры төрага жана мүчөлөрүнө байланыштуу.

-Партиянын жетекчиси, мамлекеттик ар түрдүү кызматтарда иштеген мүчөлөрү КСДПнын тагдырын ойлоп, алдыга ынтымактуу кадам жасаса туура болот.  Бийликтин партиясынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып кызматка келсем дегендер бар. Бул турмушта мыйзам ченемдүү көрүнүш деп ойлойм. Партияны бөлөм дегендерге өз убагында баасы берилсе эле, келечеги болот.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев КСДПнын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар партияны жаман көрсөткөн учурларды эстейт.

-Партиянын тизмесинде коррупцияга малынган кызматкерлер бар. Тизмеден аларды тазалабаса, партиянын тагдыры көпкө узабай калышы мүмкүн.

Айта кетсек, Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын ишин жакшыртып, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого  даярдай турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM