Биз менен байланышыңыз

Түрк-кыргыз парламент төрагаларынын «белгисиз» жолугушуусу

Кыска кабар | 6 Сен 2018 | 908 | 0

Түркия жана Кыргызстандын парламенттеринин төрагалары Биналы Йылдырым менен Дастан Жумабековдун жолугушкандыгы тууралуу маалыматты түркиялык Hurriyet басылмасы үстүбүздөгү жылдын 8-августтунда кабарлады.

Ага ылайык, 8-августта өткөн жолугушууда эки өлкө ортосунда мамиленин бекемделгени тууралуу сөз болду. Анда Дастан Жумабеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттеринин ассамблеясынын ушул жылдын ноябрында өтө турчу 8-жалпы жыйынына жана юбилейлик конференциясына чакырылган. Басылма жазгандай, ТҮРКПАга учурда Дастан Жумабеков төрагалык кылып турат жана алдыда белгиленген иш-чарада ал Түркияга өткөрүлүп берилет.

Түркия парламентинин төрагасы Йылдырым ТҮРКПАнын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов баштаган делегация менен да жолукту. Анда аталган уюмдун түрк дүйнөсү үчүн маанилүүлүгү тууралуу сөз болуп, аны дагы да кеңейтүү жөнүндө сүйлөшүү жүргөн.

Бирок Жогорку Кеңештин расмий сайтына аталган жолугушуу боюнча парламенттин расмий сайтына маалымат чыккан эмес.  Ошондой жергиликтүү басылмаларда да кабарланган жок. Мындан улам Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулуна кайрылганыбызда төтөндөгүлөрдү билдирди.

-Ал жолугушуу расмий визит болгон эмес. Жеке жолугушууга биз жооп бербейбиз.  Бул боюнча төрага менен жолукканда тактап, силерге маалымат беремин.

Төраганын маалымат катчысы Элвира Темир болсо Жумабеков эмгек өргүсү убагында Түркияга барганын кабарлады.

-Спикер август айында Түркияга барды. Бирок ал убакта эмгек өргүсүндө болч у. Ал өзүнүн эсебинен барган.

Ал арада мамлекеттик жетекчилердин жолугушуулары протокол боюнча кандай тартипте каралышын билүүгө кызыгып көрдүк. Негизи төраганын чет өлкөгө болгон иш сапары жана жолугушуулары тармактык комитеттин чечими менен уюштурулушу белгилүү болду. Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдувахап Нурбаевдин айтымында, комитетте спикердин түрк парламентинин жетекчиси менен жолугушуусу каралган эмес.

-Биздин комитетте спикердин жолугушуулары чечилет. Комитеттин чечиминен кийин гана төрага жолуша алат. Июль, август айында депутаттар эс алууда болду. Ошондуктан түрк спикери менен жолугушуу маселесин караган эмесбиз.

Саясат талдоочу Марат Казакбаевдин айтымында, протокол боюнча төраганын жекече жолушууларына чейин расмий кабарланышы керек. Анткени парламент төрагасы өлкөдөгү экинчи адам болуп эсептелет.

-Сөзсүз кабар берилиши керек болчу. Түркияга барып келгени боюнча кабар алышыбыз керек. Болбосо, бул туура эмес. Азыр Түркия менен мамилебиз аябай жакшы болуп жатат. Жада калса президент эмгек өргүүгө чыкканда деле расмий кабар берип жатат. Протокол боюнча да жеке жумуш менен барсада кабар берүүгө тийиш.

1995-жылы Жогорку Кеңешинин  Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы болгон Алмамбет Матубраимов жогорудагы пикирге кошулбайт. Ал төрага эмгек өргүүсүндө жүргөндө жеке жолугушууга барууга укукту дейт. Ошондуктан расмий кабарлоого деле кажет жок деп кошумчалады.

-Эмгек өргүүсү мезгилинде барып келген чыгаар. Жекече барып келе бер. Эгерде расмий түрдө Жогорку Кеңеш тарабынан каржыланса жарыяланышы керек. Бирок ал парламенттин аты менен барган жок да.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Чыныбай Турсунбеков болсо эки өклөнүн парламент төрагаларынын жолугушуусу болгону жөнүндө маалыматты угуп таң калуусун жашырбады. Анын пикиринде, төраганын ар бир кыймылы элдин көзөмөлүндө болгондуктан расмий кабарланбаган жолугушуулар күдүктү ойлорду пайда кылып коет.

-Албетте, төрага жогорку кызматтагы жетекчи болгондон кийин баскан турганы кабарланып турат. Эгерде расмий маалымат бербестен жолугушууларды уюштурса, анда күдүк ойлорду пайда кылып коет. Эмне ачык айтылбаганын билбейт экенмин.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев төрага эмгек өргүсүндө Түркиянын расмий бийлиги менен жолугушуп жатса, анда маалымат берүүгө тийиш деди.

-Төрага үй-бүлөсү менен Түркияга эмгек өргүсүн өткөрүүгө барууга болот. Бул расмий деле кабарланбаса деле болот. Эгерде эс алууда жүрүп Түркиянын расмий бийлиги менен жолугушса, анда сөзсүз кабаралашы керек болчу.

Эске салсак, Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп 2017-жылдын октябрь айында шайланган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM