Биз менен байланышыңыз

Жайма базарлар жок кылынат

Кыска кабар | 18 Авг 2018 | 888 | 0

Чүй облустук милициясынын кызматкерлери менен мамлекеттик администрация өкүлдөрү жайма базарларды жок кылуу боюнча рейд өткөрөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейд Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Кантка чейинки аймагында жүрөт. Андан сырткары, Сокулуктан Бишкекке чейинки трассада да болот.

«Айрым соодагерлер бир эле жерде аралаштырып коюуга болбой турган товарларды, маселен, дарбыз менен аккумуляторду сатып жатышат. Аларга мындай соода кылуу мыйзамсыз экендигин түшүндүрүштү», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 14-августта башталган рейддин жүрүшүндө жайма базардын бир канчасы атайын техника менен түрттүрүлгөн. Сатуучуларга эки ай мурда эскертүү берилген жана алар мындай чечимге тоготпостук кылып коюшкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM