Connect with us

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6,6 миллиард долларды түздү

Кыска кабар | 23 Дек 2024 | 121 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард 617 миллион долларды түздү.

Каржы министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, тышкы карыз 4 миллиард 562,34 миллион долларды, ал эми ички карыз 2 миллиард 54,66 миллион долларды түздү.

2023-жылдын 31-декабрына салыштырмалуу тышкы карыз 90,3 миллион долларга азайган.

Ички карыз тескерисинче, 426,86 миллион долларга өскөн.

Жалпысынан быйыл мамлекеттик карыздын көлөмү 336,5 млн долларга көбөйгөн.

Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет, ал 1 млрд 658,48 доллар (36,4%).

30-сентябрга карата мамлекеттик карыз 2024-жылга болжолдонгон ИДПнын 44,2% түздү.

Copyright © 2017 Maral FM