Connect with us

Трамп Панама каналын АКШга кайтаруу керектигин айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Дек 2024 | 150 | 0

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп америкалык кемелердин Панама каналы аркылуу өтүшү үчүн тарифтерге нааразы болуп, аны АКШнын көзөмөлүнө кайтарып берем деп коркутканын Би-Би-Си билдирди.

«Панама тарабынан алынган төлөмдөр күлкүлүү жана одоно адилетсиз. Өлкөбүздү бул толук талап-тоноо дароо токтотулат», — деди шайланган президент Аризонадагы консерваторлордун конференциясында.

Буга чейин Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында Панама каналы АКШнын “маанилүү улуттук байлыгы” экенин, ал эми мурдагы президент Жимми Картер аны “бир долларга берген” деп жазган.

АКШ каналды 1999-жылдын аягына чейин көзөмөлдөп келип, 1977-жылдагы келишимдин негизинде Панама өкмөтүнө көзөмөлдү өткөрүп берген. Панама каналы Түштүк Америка менен Түндүк Америка материгинин ортосунда жүк ташуучу соода кемелерин өткөрүү үчүн жасалган канал.

Трамптын билдирүүлөрүнө комментарий берип жатып, Панаманын президенти Хосе Рауль Мулино канал анын өлкөсүнө таандык экенин жана бул маселе талкууланбай турганын баса белгиледи.

«Панама каналынын жана анын айланасындагы райондордун ар бир чарчы метри Панамага таандык жана ага таандык болуп кала берет», — деп белгиледи Панама өкөсүнун президенти Хосе Рауль Мулино. Ошондой эле ал «Биздин өлкөнүн эгемендүүлүгү жана көз карандысыздыгы талкууга алынбайт»,- деп кошумчалады.

Анын айтымында, тарифтер рыноктун шарттарына жана каналды эксплуатациялоого жана инфраструктураны кармоого кеткен чыгымдарга жараша белгиленет.

Трамп ошондой эле Панама каналын «Кытай же дагы үчүнчү өлкө эмес, Панама гана башкарышы керек экенин жана АКШ каналга башка өлкөлөрдүн таасиринин тийишине жол бербей турганын билдирди.

1914-жылы Америка Кошмо Штаттары тарабынан бүткөрүлгөн Панама каналы дүйнөдөгү эң ири жүк ташуучу каналдардын бири болуп саналат, ал аркылуу жыл сайын болжол менен 14 000 кеме өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM