Connect with us

Абакка чогулгандарды тарткан журналист менен операторду милиция алып кеткени айтылды

Кыска кабар | 23 Дек 2024 | 246 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Бишкектеги №1 тергөө абагынын алдына чогулган камактагылардын жакындарын тартып жаткан «Азаттыктын» кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператор Нурлан Бейшебаевди милиция кызматкерлери Бишкектин Октябрь ички иштер бөлүмүнө алып кетти. Бул тууралуу «Азаттыктын» сайты жазды.

Маалыматка караганда, журналисттер чогулган адамдардын биринен интервью алган. Милиция кызматкерлери тартылган видеону берүүнү талап кылып, андан соң милиция бөлүмүнө алып кеткен.

Бүгүн, 23-декабрда №1 тергөө абагынын алдына камактагылардын жакындары чогулганы белгилүү болду. Ал жерге милиция кызматкерлери келип, топтолгондорду тартипти сактоого чакырды.

Буга чейин социалдык тармактарда 22-декабрга караган түнү Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде абактагылар массалык ачкачылык акциясын баштаганы жөнүндө маалымат тараган.

Жазаларды аткаруу кызматы маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген жана түзөтүү мекемелери кадимки шартта иштеп жатат.

24.kg басылмасы абактагылардын жакындарына таянып, 22-декабрда абактагылар Жаза аткаруу кызматынын жаңы жетекчисине нааразылык иретинде ачкачылык акциясын башташканын жарыялашканын жазган.

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы 18-декабрда алмашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин буйругу менен Аскат Эгембердиев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ордуна 39 жаштагы Чыңгыз Кожошев дайындалган.

Ал жогорку билимдүү, ОшМУнун юриспруденция адистигин аяктаган.

Кызмат кылган жылдары ички иштер органдарынын катардагы кызматкеринен УКМКнын кызматкерине чейин жеткен. Буга чейин Ош шаарындагы №25 түзөтүү мекемесин жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM