Connect with us

Имамдарга маяна төлөнөбү? Президенттин түшүндүрмөсү

Кыска кабар | 23 Дек 2024 | 127 | 0

Президент Садыр Жапаров III Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, 2025-жылдын март айынан тарта мечит имамдарына айлык акы төлөнө турганын билдирген.

Ал «Кабар» улуттук агенттигине комментарий берип, каржы кайсы булактардан алынарын ачыктады.

Президенттин айтуусуна караганда, келе жаткан жылдын март айында ар бир айылдын молдосуна 8 миң сомдон бериле баштайт. Ал эми жылдын аягына барып алар 20 миң сомго жакын айлык ала башташат.

Садыр Жапаров имамдарга бериле турган айлык акы бюджеттик каражаттан бөлүнбөй турганын айтты.

“Бул каражат бюджеттик каражаттар эмес. Мурда муфтият тараптан көңүл бурулбаган каражат булактарын мечиттер тарапка, тагыраагы, молдолорго буруп берүү жагына жардам берип жатабыз. Биз светтик өлкө катары динге кийлигишпейбиз. Дин тармагы мамлекеттик иштерге кийлигишпейт. Ошондуктан мамлекеттик бюджеттен акча каражатын бөлүп бере албайбыз. Бирок биз, мамлекет, колубуздан келишинче башка маселелерде муфтиятка жардам берүүгө даярбыз. Мисалы, келе жаткан жылы ар бир мечитке электрондук жашик орнотуп беребиз. Мурдагыдай садака салчу жыгач, темир жашиктер жок болот. Садаканы электрондук QR код аркылуу телефон менен эле салып койсо болот. Акча түздөн-түз муфтияттын банктык эсебине келип түшөт. Ал акчалар кайда жумшалаарын муфтият менен Аалымдар кеңеши өздөрү чечет” , — деди Садыр Жапаров.

Президент молдолор бүгүнкү күнгө чейин эмгек акы алышпай келгенин, мындан ары бир гана муфтиятка баш ийип, ханафий мазхабына кайтаруу жагын муфтият молдолорго жүктөй турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM