Connect with us

Кыргызстандын 650 миңден ашык жараны сыртта миграцияда жүрөт

Кыска кабар | 18 Дек 2024 | 121 | 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 650 миңден ашык жараны чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мигранттардын басымдуу көпчүлүк бөлүгү Орусиянын аймагында миграцияда жүргөндөр.

«Орусиядагы акыркы окуяларга, рубль курсунун түшүүсүнө байланыштуу ал жакта биздин жарандардын саны азаюуда. «Крокус Сити холлдогу» кырсыктан кийин Орусиянын жаңы мыйзамдары күчүнө кирип, катаалдашып жатат. Ушундай бир нече себептердин таасиринен улам жарандарыбыз өлкөгө кайтып келип жатат десек болот»,— деди ал.

Ошондой эле, учурда Орусиядан кайтып келген же бул жактан жаңы кетип жаткан жарандар Европа өлкөлөрүнө кетип жатышкандыгын министрликтин өкүлү кошумчалады.

«Чет өлкөдө жарандарды жумушка орноштуруу борборунун ишинин негизинде кыргызстандык жарандар учурда 28 мамлекетке ар кандай максат менен кетип жатышат. Көпчүлүгүн экономикасы өнүккөн Европа өлкөлөрүнө кетиргенге аракет кылып жатабыз. Жыл башынан бери 17 миңден ашык адам расмий түрдө биздин жардамыбыз менен чет өлкөгө кетишти. Мисалы, Улуу Британияга кеткендердин саны өсүүдө, биз дагы ушундай өлкөлөргө сезондук жумуштарга жөнөткөнгө аракет кылып жатабыз. Ал жака барып жарандар 6 же 9 ай аралыгында иштеп келишүүдө»,— деди Бакыт Дарманкул уулу.

Бүгүн 18-декабрь мигранттардын эл аралык күнү. 2000-жылдын 4-декабрында Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 18-декабрды мигранттардын ролун жана коомго кошкон салымын таануу күнү деп жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM