Connect with us

Грузияда мурдагы футболчу президенттике шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Дек 2024 | 413 | 0

Грузияда 14-декабрда өткөн президенттик шайлоодо, тандоо коллегиясы Михаил Кавелашвилини президенттике биринчи турда тандады. 53 жаштагы мурдагы футболчу Кавелашвили бийликтеги “Грузин кыялы” партясынан жападан жалгыз талапкер болгон.
Бул жолу Грузияда өткөн президенттик шайлоодо, президентти жалпы шайлоочулар эмес, парламенттин имаратында шайлоо комиссиясынын 300 өкүлү катышкан добуш берүү болду.
Анда Кевелашвилиге өкүлдөрдүн 224тү добуш берген.
Ал арада Грузиянын учурдагы президенти Саломе Зурабишвили жана оппозиция дагы шайлоонун жыйынттыгын тааныбай турганын жана легитимсиз бийликтин президенттик шайлоону өткөрүүгө ыйгарым укугу жок экенин билдиришти. Ошондой эле президент Саломе Зурабишвили легитимдүү жол менен бийликти өткөрмөйүнчө, президенттиктен кетпей турганын билдирди.
Өлкөнүн премьер-министри Ираклий Кобахидзе президенттике жаңы шайланган Кавелашвилини куттуктады.

Грузияда 26-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо добуштардын дээрлик көп бөлүгүн бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы алган, оппозиция жана өлкөнүн президенти парламенттик шайлоонун жыйынттыгын тааныбай турганын жарыялашкан. Мындан улам өлкөдө нааразычылык жаралган. Ал арада премьер-министр Кобахидзе Грузиянын Евробиримдикке мүчө боло турган макулдашууларды 2028-жылга чейин токтоткон. Кобахидзенин мындай аракети өлкөдө нааразычылыкты тутанткан. Грузияда акыркы 20 күнгө чукул аралыктан бери элдин толкундоолору уланууда.
Оппозиция жана президент, өкмөттүн жетекчиси Кобахидзени Орусияга ыктаган аракеттери үчүн айыптаса, Премьер-министр Кобахиде оппозицияны ашынган батышчыл катары баалап келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM