Connect with us

Медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун стратегиясы талкууланды

Коом , Кыска кабар | 13 Дек 2024 | 373 | 0

Бишкек шаарында кечээ, 12-декабрда Улуттук адабият күнүнө карата медиа жана маалыматтык сабаттуулук стратегиясын талкуулоого арналган конференция болду.

Иш-чаранын алкагында медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча стратегиянын мазмуну сунушталып, анын өлкөдөгү маалыматтык саясатка тийгизе турган таасири каралды.

Мындан сырткары, медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун стратегиясы, касттык тили жана жалган маалымат менен күрөшүүнүн жолдору талкууланды.

Конференциянын жүрүшүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев төмөкүлөргө токтолду.

«Медиа жана маалыматтык сабаттуулук – бул азыркы дүйнөнүн талабы. Жарандар чындык менен жалганды айырмалап, ишенимдүү маалымат булактарын таап, ойлуу чечимдерди кабыл ала билиши керек. Медиа сабаттуулук жана сынчыл ой жүгүртүү – жалган маалыматка жана жек көрүү тилине каршы күрөшүүнүн негизги куралдары. Биз улуттук деңгээлде медиа жана маалыматтык сабаттуулукту активдүү илгерилетүүгө кызыктарбыз, анткени бул биздин коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн кепилдиги».

ЮНЕСКО уюмунун Алматыдагы аймактык кеңсесинин директору Амир Пирич медиа сабаттуулукту жогорулатууда бардык тараптарды биргеликте иш алып барууга үндөдү.

«БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясына жана ЮНЕСКОнун декларацияларына ылайык, биз мүчө-мамлекеттерди жалган маалыматка каршы күрөшүүдө медиа жана маалыматтык сабаттуулукту алдыга жылдыруу аркылуу биригүүгө чакырабыз. Бүгүнкү конференция – бул Кыргызстандын бул багыттагы алгачкы тарыхый кадамы».

Иш-чара Жамааттык медиалар биримдигинин уюштуруусунда, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлиги жана ЮНЕСКОнун, БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM