Connect with us

Акылбек Жапаров Москвага барат

Кыска кабар | 11 Дек 2024 | 144 | 0

11-13-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Москва шаарына барат. Анын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.  

КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюу менен экономикалык актуалдуу маселелер, анын ичинде транспорттук комплексти санариптик трансформациялоо, пенитенциардык кызматтар үчүн кадрларды даярдоо маселелери талкууланат.

Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар, 2025–2026-жылдарга карата КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгы жана башка маселелер каралат. 

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында өнөр жай тармактарындагы биргелешкен кызматташуу долбоорлоруна каржылык жардам көрсөтүү, газ, мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүү, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү жаатындагы маселелер каралат. Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM