Connect with us

Салык кызматы эски акциздик маркалардын калдыктарын жок кылды (сүрөт)

Кыска кабар | 11 Дек 2024 | 163 | 0

Мамлекеттик салык кызматы эски дизайндагы акциздик маркалардын калдыктарын жок кылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Утилизациялоо мешке күйгүзүү жолу менен жүргүзүлүп, процесстин жүрүшүн акциздик маркаларды жок кылуу боюнча ведомстволор аралык комиссия көзөмөлгө алды. 2024-жылга чейин чыгарылган жана банкта сакталган бардык калган маркалар толугу менен жоюлду.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, 2024-жылдан тарта эски үлгүдөгү акциздик маркалар менен алкоголдук ичимдиктерди жүгүртүүгө тыюу салынат.

Учурда Салык кызматы эскиргендердин ордуна жаңы дизайндагы акциздик маркаларды чыгарууну жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM