Connect with us

Окуучулардын көрүүсүн бекер текшерүү жүрүп жатат

Кыска кабар | 9 Дек 2024 | 251 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду «Мамлекеттик кепилдиктер» программасынын алкагында 18 жашка чейинки мектеп окуучуларынын көрүүсүн акысыз текшерүү жүрүп жатканын билдирди.

Программада көрүү курчтугун ченөө жана офтальмологдун кеңеши каралган. Ата-энелер баланын катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна өздүгүн тастыктаган документтери (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же ID карта) менен кайрылышы керек.

Аталган фонд балдардын гаджеттерге сарптаган убактысынын көбөйүшү менен көрүү көйгөйү көбөйгөнүн билдирет. Кыймылсыз жашоо образы, таза абанын жоктугу жана визуалдык стресстин күчөшү бул тенденцияны бекемдейт. Өзгөчө тукум куума ыктуулугу бар балдар тобокелдиктерге дуушар болушат: эгер ата-энесинин экөө тең миопиядан жапа чексе, балада бул көйгөй 92%га көбүрөөк пайда болот.

Толугураак маалыматты Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтынан алса болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM