Connect with us

Акылбек Жапаров: Экономика туруктуу өсүүдө

Кыска кабар | 9 Дек 2024 | 253 | 0

Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү көрсөтүп жатканын, 2024-жылдын 11 айында өнүгүү темпи сакталганын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

Ал 2024-жылдын январь-ноябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктарын чыгарган жыйында ички дүң продуктунун көлөмү 1 млрд 225 млн 950 миң сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 109 пайызга жеткенин билдирди. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде104,4 пайыз болгон.

“Кумтөр” кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 1 159 813,7 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 110,3%ды түздү.

Өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмү 513 346,9 млн сомду түзүп, өсүү темпи 104,8 %ды түздү. Кумтөрдү эсепке албаганда – 331 258,4, өсүү темпи 113,0.

Айыл, токой жана балык чарбасынын дүң продукциясы – 369 613,3 млн сом, өсүү темпи – 106,2%;

Негизги капиталга инвестициялар (капиталдык салымдар) – 214 537,6 млн сом, өсүү темпи – 147,3%;

Дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы көлөмү – 1 422 399,5 млн сом, өсүү темпи – 118,5;

Кызматкерлердин орточо айлык акысы – 36 002 сом, өсүү темпи 112%;

Тышкы жана өз ара сооданын көлөмү – 13 443,4 млн АКШ долларды түзүп, өсүү темпи 106,4%ды түздү;

Импорт – 10 310 млн АКШ долларды, өсүү темпи – 101,8%;

Экспорт – 3 123,4 млн АКШ доллар, өсүү темпи – 125,2%.

“Биз 2025-жыл биздин амбициялуу максаттарыбызга жетүүдөгү дагы ийгиликтүү этап болоруна бекем ишенебиз. Кыргызстан алдыга жылып, кыйынчылыктарды ишенимдүү жеңип, туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүп жатат”, — деди Акылбек Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM