8-9-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен кар жаайт.
Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Кыргызгидромет билдиргендей, зымдарга жана бактарга суулуу кар жабышат, кээ бир райондордо туман түшөт. 8-11-декабрда абанын температурасы төмөндөйт.
Жолдорго кар жаап, тоңголок болот, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттун, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.