Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 07:20дан тарта чектөө киргизди.
Ал эми Токтогул районунун «Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 03:00дөн тартып убактылуу чектөө киргизилген.
Айдоочуларга жайкыны кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыруу, алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алуу, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо, зарылдыгы болбосо алыска сапарга чыкпоо мунушталат.