Connect with us

Жактоочу: Имамидин Ташовдун абалы жакшы эмес, кайра абакка жеткирилди

Кыска кабар | 6 Дек 2024 | 308 | 0

Сот отурумунда мойнун кесип, ооруканага жеткирилген айыпталуучу Имамидин Ташовдун абалы тууралуу жактоочусу Нурсултан Жаныбеков маалымат берди.

Анын айтуусунда Ташовдун абалы жакшы эмес, бирок кайра абакка жеткирилди.

“Имамидин Ташовдун абалы жакшы эмес. Өзү менен баарлашууга мүмкүн болгон жок, суроолорума жакшы жооп бере албады. Врачтар менен сүйлөшсөм ооруканада кармай албайбыз дешти, кайра абакка конвой алып кетти” , — деди жактоочу Нурсултан Жаныбеков.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн Имамидин Ташов кесилген жараат менен Клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилген. Текшерүүдөн кийин дарыгерлер жараат үстүртөн экенин, кан тамырлар жабыркабаганын жана олуттуу кан жоготуусуз экенин аныкташкан.

Оорулууга керектүү жардам көрсөтүлүп, анын ичинде жараатты алгачкы хирургиялык дарылоо жүргүзүлдү. Канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 6-декабрда өткөн отурумда мойнун тилип жиберип, эс-учун жоготту.

Аны конвойлор көтөрүп залдан көтөрүп чыгышты. Имамидин Ташовду тез жардам унаасы менен шаардык ооруканага алып кетишкен. Учурда ал кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына (№21 мекеме) жеткирилди.

Соттук отурумдун жыйынтыгында ишкердин абактагы мөөнөтү 2025-жылдын 8-февралына чейин узартылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишкерди быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM