Connect with us

УКМК “Кыргызкөмүр” ишканасынын түштүк филиалынын мурдагы жетекчисин кармады

Кыска кабар | 6 Дек 2024 | 154 | 0

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын мурдагы жетекчиси Ж.М.Ш. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал мөңгүнү талкалоо жолу менен жана компетенттүү органдар менен макулдашпастан, Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Загара-2» кенине автожол курууну баштаган.

«Кыргызкөмүр» ишканасынын түштүк филиалынын жетекчилиги «Кыргызгипрозем» муниципалдык ишканасынын дарегине пландалган жол куруу багыты боюнча координаттык чекиттерди көрсөтүү менен жер жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн кайрылганы аныкталган.

Анда №375, 456, жана 44 мөңгүлөр жайгашкан суралган контурлар боюнча жооп алынган.

«Загара-2» кенинде мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун бекитүү жана алуу үчүн «Кыргызкөмүр» ишкансы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Ош аймактык башкармалыгынын дарегине бир нече жолу кайрылган.

Ош аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгы тарабынан мөңгүлөрдүн жана мореналардын жайгашкан жерине байланыштуу мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун макулдашуудан баш тартылган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 14 млн 978 миң 480 сомдук экологиялык зыян (мөңгүлөр, асылдуу топурак, токой жерлери) боюнча корутунду алынган.

Натыйжада, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын директоруна Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 298-беренесинин 2-бөлүгү (иш жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу) боюнча айып тагылып, камакка алынды.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Түштүк» филиалы 2022-жылдын 21-октябрында каттоодон өткөн. Ишкананын жетекчиси катары Канат Жумабаев көрсөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM