Connect with us

Аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк башталды

Блог , Коом | 3 Дек 2024 | 745 | 0

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк акция башталды. Анын алкагында өлкө боюнча зордук-зомбулукка каршы ар кандай иш-чаралар өтүүдө.

Борбордук Азиядагы IDEA уюму жыл сайын аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу багытында бир катар иш-чараларды уюштуруп келет.

Уюмдун коомчулук менен байланыш боюнча офицери Камила Усманова уюм бир гана 16 күндүк акцияда эмес, жыл бою кыздардын, аялдардын укугун коргоо максатында иш алып барарын белгиледи.

«25-ноябрь гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк дүйнөлүк кампания башталган. Биздин команда күн сайын зордук-зомбулуксуз жана дискриминациясыз дүйнөнү курууга салым кошкон кадамдарды жасап келебиз. Мисалы онлайн курстар аркылуу, атайын кыздар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү карайбыз. Зомбулукка каршы күрөш бир гана 16 күндүк акция эмес, жылдын ар бир күнүнө тиешелүү милдет экенин ар дайым жайылтууга аракет кылабыз. Ушул жылы «күн сайын» деген хештег кошуп, ошого басым жасап жатабыз.

Мындан тышкары 16 күн ичинде аялдардын жана кыздардын укуктары менен эркиндигине эмнелер таасир этип жатканын айтып беребиз. Биринчи видео чыкты. Ал чыгармачылыкта сексизмди жана мизогиния, зордук-зомбулукту аныктоо боюнча тартылды. Анткени бизде кинолор көп чыгат. Ырларды чыгарышат. Кээ бир учурда ырлардын маанисин түшүнбөй угуп жүрө беребиз. Популярдуу болгону үчүн уга беребиз. Бирок байкап, ырдын текстине, сөздөрүнө маани берсек, көп нерселер ачылат. Кыздарды басмырлап, ырына кошуп ырдап кеткен учурлар бар экени таң калтырды. Анан ушул боюнча биринчи видеону чыгардык.

Быйыл 16 күндүк акцияны биз TEENS жаштар уюму менен чогуу алып барабыз. Эмне үчүн бул маанилүү? Анткени материалдын баары, чыгара турган контент, изилдөөлөрдү жаштар катары чогулуп, даярдап келе жатабыз».

Сиздердин уюм бул кампанияны канча жылдан бери өткөрүп келет?

«Борбордук Азиядагы IDEAнын иш алып барып жатканына быйыл 12 жыл болот. Биз жыл сайын ар кандай форматта ушул акцияга катышып келебиз. Мисалы былтыр оффлайн форматта университеттерде жаштар менен жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле Борбордук Азия деңгээлинде уюштурганбыз. Муну менен катар онлайн форматта да өткөргөнбүз. Ал жакта «Я хочу» деген темада карточкаларды чыгарганбыз. Бул биз үчүн аябай маанилүү. Биз дайыма ар кандай форматтарды издейбиз. Ал эми дайыма бир форматта жасай берсең, маалыматты окугуң да келбей калат. Ошондуктан форматты алмаштырып туруу биз үчүн маанилүү. Жыл сайын кызыктуу, жаңы нерселерди ойлоп табууга аракет кылабыз».

Быйыл 16 күндүк өнөктүктүн алкагында кандай иш-чаралар уюштурулат?

«Бул жылы онлайн форматта контенттерди чыгарабыз. Ошондой эле оффлайн форматта иш-чара уюштурулат. Аны өткөрүү 5-декабрга пландаштырылып жатат. Бул кинодо, музыкада, театрда, искусстводо, жалпылап айтканда, чыгармачылыкта аялдардын образы жана алардын активдүүлүгү боюнча маселени көтөрөбүз. Бул 2-3 сааттык иш-чара. Ал жерде кыскача кинолор көрсөтүлөт. Андан кийин панельдик талкуулар болот. Андан кийин аялдарды колдоо максатында тартылган клиптер көрсөтүлөт. Эмне үчүн ушундай контенттер маанилүү, эмне үчүн аларды көбүрөөк чыгарыш керек деген суроолордун алкагында талкуу жүргүзүлөт. Иш-чара ачык өтөт. Каалоочулардын баары келип катышса болот».

Мындай акциялар аялдарга, кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга канчалык жардам берет?

«Мындай иш-чаралар өлкөдө аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга сөзсүз жардам берет. Себеби мындай окуяларды ачык айтып баштаганда, коом өзгөрүп баштады. Акыркы окуялардан мисал келтирсек, Бишкекте 18 жаштагы кызды машинага салып, алып кетип жатканда, жанында өтүп бара жаткан машина артынан кууп барып, кызды куткарып калган. Бул коом аялдарга лоялдуу болуп баштаганынан кабар берет. Качан гана коомдо ушундай адамдар көбөйүп баштаса, кыздар өзүн коопсуз сезе башташат деп ойлойм».

Зомбулукка каршы күрөшүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды колдоо үчүн мамлекетте бир топ кризистик борборлор иш алып барат. Алар зомбулуктун ар кандай түрүнөн жабыркагандарга психологиялык, медициналык жана материалдык жардам көрсөтөт. Өнөктүк 25-ноябрда башталган, 10-декабрга чейин созулат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM