Connect with us

Реновация ишке ашса, батирдин баалары арзандайбы?

Коом | 28 Ноя 2024 | 126 | 0

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы көп кабаттуу үйлөрдү куруу сунушталууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Нурдан Орунтаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында союз мезгилинде курулган 1500дөй көп кабаттуу үй бар. Алардын арасында 1950-60 жана 1970-жылдары курулган үйлөр бар.

Орунтаев программа качан ишке кирерин, канча көп кабаттуу үйдү реновация жасоо керектиги азырынча так эмес экенин айтты.

Реновация жөнөкөй сөз менен айтканда: эскини жаңылоо дегенди билдирет.

«Бишкекте Сталин, Хрущевдин убагында курулган үйлөр көп. Албетте, алар коопсуздук маселесин жаратпай койбот. Сталин, Хрущевдин убагында курулган үйлөрдүн пайдубалында же чатырында ар кандай маселе бар. Алар убагында жакшы каралбай, кам көрүлгөн эмес. Мисалы Бишкек шаарында союз мезгилине салынган үйлөрдүн бир кварталын алсак, болжолдуу 500 батир бар үй бир нече гектар жерди ээлеп, 10 миң чарчы метрдей гана турак жайды түзүп жатат. Учурда жаңы технологиялар менен заман талабына ылайык, ошол эле жерге 100 миң чарчы метрлик, көп батир курууга мүмкүнчүлүк бар».

Нурдан Орунтаев көп кабаттуу үйлөр жеке менчик экендигин, баары мыйзам чегинде гана жүргүзүлүп, эч кандай тартып алуу болбостугун белгиледи.

«Албетте, имараттар жеке менчик колдордо. Биз алардан тартып алып, талкалап салуудан алыспыз. Ал эми реновацияда үй канча чарчы метр болсо, ошого карап мамлекет тарабынанбы же жеке менчик компания тарабынанбы ошол жерде жашагандар менен келишим түзүлөт. Анда башка жерден үй берилеби же ошол эле жерден жаңы үй бүтүүсүн күтөбү, балким накталай төлөм берүү жолу мененби кандай болсо да, эки тараптын ортосундагы макулдашуунун негизинде гана жүргүзүлөт».

Орунтаев реновацияны мыйзамдуу түрдө иш жүзүнө ашыруу үчүн жол-жобосун көрсөтүп берүү Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин милдети экенин айты.

Мындай тажрыйба Өзбекстан, Казакстанда жана Орусияда бар экендигин, учурда алардын тажрыйбасын көрүп, таанышуу болуп жаткандыгын кошумчалады.

Ошондой эле ал эгер реновация мыйзамдуу түрдө ишке кирсе, Бишкек шаарындагы жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн баалары арзандашы мүмкүндүгүн кошумчалады.
Учурда Бишек шаарында жеке компаниялар жаңы конуштардан жана шаар ичинде жер ээлери менен сүйлөшүп, келишимдин негизинде жаңы көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатышат.

«Emir Building» курулуш компаниясынын директору Санжар Ташполот уулу Мамлекеттик крулуш агенттигинин демилгесин колдойт.

Бирок ал чакан курулуш компаниялар жашоочулардын талаптарын аткара албай калышы мүмкүн экенин белгиледи.

“Эски үйлөрдү жаңыртуу демилгесин колдойм. Бирок батирлердин баасы түшпөйт деп ойлом. Анткени курулушка кетчү каражаттар кымбаттап жатат. Биздин компания 2020-жылы шаардагы эски үйдүн жашоочулары менен сүйлөшкөнбүз. Алар бизге үй бүткөнчө жашап турууга үй менен камсыздап берүүбүздү айтышкан.

Эгерде эски үйлөрдүн жашоочулары менен жеке менчик компаниялардын ортосунда келишимдин негизинде болосо, жашоочулардын талабын чакан компаниялар аткара албай калышы мүмкүн. Мисалы жашоочулар үй бүткөнчө убактылуу жашай турган үй же акчасын бергиле десе дароо бере албай калат. Андан сырткары азыр мыйзамдын негизинде жаңы курулуп жаткан үйлөргө банкка капитал коюш керек. Ошондуктан менин оюмча, эң алдынкы компаниялар гана алып, жаңысын кура алат деп ойлойм”.

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова демилге туура, бирок тарыхый мааниге ээ болгон көп кабаттуу үйлөр бар экендигин, аларды сактап калуу керек деген пикирде.

«Көтөрүлгөн демилге туура экендигин. Бирок башкы план деген бар, жаңы шаар жана эски шаар деп бөлүнөт эмеспи. Ошондой эле Бишкекте эски тарыхый мааниге ээ болгон имараттар, көп кабаттуу үйлөр да бар. Биз аларды сактап калып, кийинки муунга өткөрүп берүүбүз керек. Менин билишимче, Бишкек шаарынын башкы планы боюнча жаңы шаар жогору жак болуусу керек, ал эми эски үйлөр бар тарап сакталып калуусу керек»,- дейт депутат.

Ошондой эле ал Бишкекте ыш көйгөйү чечилбей келгенин белгилеп, жаңы көп кабаттуу үй курууда бул маселеге дыкат көңүл бууруу маселесин кошумчалады.

Бишкекте союз мезгилинде салынган үйлөрдүн бир канчасында Кыргызстандын белгилүү инсандары жашаган. Ал үйлөрдүн дубалына кайсы белгилүү инсан канчанчы жылдары жашагандыгы тууралуу маалымат тактайчалары бар.

Copyright © 2017 Maral FM