Connect with us

Кыргызстанда пенсионерлердин 20%ы пенсияны почта аркылуу алат

Кыска кабар | 27 Ноя 2024 | 137 | 0

Кыргызстанда пенсионерлердин 80 пайызы пенсияны банк аркылуу алышат, 20 пайызы “Кыргыз почтасы” аркылуу алат. Бул тууралуу парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактыяр Алиев айтты.

Аларга пенсиянын накталай берүү үчүн жылына «Кыргыз почтасына» 339 миллион сом бөлүнөт.

«20 пайыз пенсияны накталай берүү үчүн «Кыргыз почтасына» жылына 339 миллион сом бөлүнөт. Алдыдагы бир, эки жылда бардык пенсионерлерди банк аркылуу алууга өтөрөбүз. Баарын банкка өткөргөндөн кийин, 339 миллон сом пенсиялык фондко өткөрүлөт» , — деди Соцфонддун төрагасы.

2024-жылдын 1-январына карата өлкө боюнча 769 миң адам пенсия алат. Пенсиянын орточо өлчөмү 9 188 сомду түзөт.

Социалдык фондго өлкө бюджетинен 2023- жылы 39 миллиард сом бөлүнсө, 2024- жылы 40 миллиард сом бөлүнгөн. Ал эми 2025- жылга 43 миллиард сом бөлүү каралган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM