Бүгүн Бишкекте чакан жана орто ишканалар үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактары, энергияга үнөмдүү курулуш жана энергия үнөмдөөчү жабдуулар чөйрөсүндөгү жашыл стимулдар жана тоскоолдуктар талкууланды.
Иш-чара чакан жана орто бизнестин маалымдуулугун жогорулатуу жана тоскоолдуктарды жеӊүү жолдорун талкуулоо максатында өттү.
Жолугушуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Кыргызстандын президентине карашуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту жана ЮНИСОН Групп уюму тарабынан уюштурулду.
ЮНИСОН Групп уюмунун президенти Нурзат Абдрасулова климат өзгөрүп жаткан шарттарда чакан жана орто бизнес туруктуу өнүгүүдө зор мааниге ээ экенин белгиледи.
Айтуусунда, «Кыргызстан – жашыл экономиканын өлкөсү» концепциясынын кабыл алынышы менен Кыргызтанда энергияны үнөмдөөчү технологияларга өзгөчө көӊүл бурулуп жатат.
Бирок ишкерлер мыйзамдагы кемчиликтер жана маалыматтын жетишсиздиги сыяктуу кыйынчылыктарга туш болууда.
«ЕРӨБ жашыл экономикага түрткү берүү үчүн мамлекеттик стимулдардын анализин колдоду. Бул талдоо ЮНИСОН Групптун эксперттери тарабынан жүргүзүлгөн. Семинарда Кыргызстандагы нормативдик-укуктук актыларды жана жашыл каржылоо рыногун талдоонун негизги жыйынтыктары, корутундулары тааныштырылды. Ошондой эле жашыл технологияларды энергетикага жана айыл чарбага киргизүү үчүн мамлекеттик колдоо чараларын жана тоскоолдуктарды жеӊүү жолдору талкууланды. Бул иш-чара туруктуу өнүгүүгө өтүү боюнча биргелешкен иш–аракеттерди күчөтүү үчүн мамлекеттик сектор, бизнес жана илимий коомчулук ортосундагы диалогго платформа сунуш кылынат».
Иш-чарада ЕРӨБ колдоосу менен ЮНИСОН Групптун эксперттери тарабынан жүргүзүлгөн жеке сектордо жашыл экономиканы илгерилетүү боюнча мамлекеттик стимулдардын талдоосунун негизги жыйынтыктары көрсөтүлдү. Катышуучулар колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү, каржылоо багыттарын жана аларды натыйжалуу ишке ашыруудагы тоскоолдуктарды талкуулашты.
Кыргызстандын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору Санжар Муканбетов бүгүнкү күндө орто жана чакан бизнес ички дүң продукциянын кошумча наркынын 40,5 пайызын түзөрүн белгиледи.
Муканбетов бүгүнкү жолугушууда чакан жана орто бизнес чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдүн чечүү жолдору талкууланып жатканын айтты.
«Азыркы күндө орто жана чакан бизнес ички дүң продукциянын кошумча наркынын 40,5 пайызын түзөт. Дээрлик чоң пайызды түзөт. Ошонун ичинде жашыл экономикага болгон таасири кандай болот? ЮНИСОН Групптун изилдөөлөрү презентация болгону жатат. Анда энергиянын таасирлери боюнча, айыл чарба, курулуш тармагында болобу таасири кандай болот. Ошондо кантип энергиянын колдонулушун азайтып же эффективдүүлүктү көбөйтө алабыз. Укуктук-ченемдик актылардын кемчиликтери барбы, ошолорду кантип чече алабыз деген сыяктуу маселелер талкуулап жатабыз».
2018-жылы Жогорку Кеңеш «Кыргызстан – жашыл экономиканын өлкөсү» концепциясын бекиткен. Концепция учурдагы климаттык чакырыктарды талдоого, парник газдарынын эмиссиясынын улуттук инвентаризациясына жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык пландаштырууга климаттын аспектилерин интеграциялоого негизделген. Анын негизинде 2019–2023-жылдары «Жашыл экономиканы өнүктүрүү» программасы ишке ашырылган, анын ичинде жети стратегиялык багыт:
1. Жашыл энергетика: энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн жогорулатуу, анын ичинде суу, күн жана шамал энергиясы, ошондой эле энергияны үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү.
2. Туруктуу айыл чарбасы: органикалык айыл чарба ыкмаларын колдонуу, сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана агроөнөр жай секторун климаттык тобокелдиктерге ыңгайлаштыруу.
3. Аз көмүртектүү транспорт: электр транспортун интеграциялоо, коомдук транспортту жакшыртуу жана кыймылдын моторсуз түрлөрү үчүн инфраструктураны өнүктүрүү.
4. Экологиялык багыттагы өнөр жай: өндүрүш процесстерин декарбонизациялоо, жабдууларды модернизациялоо жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу.
5. Туруктуу туризм: биологиялык ар түрдүүлүктү жана табигый экосистемаларды сактоо.
6. Жашыл шаарларды өнүктүрүү: энергияны үнөмдөөчү курулуштар, коомдук жайларды өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу.
7. Таштандыларды башкаруу системасын өркүндөтүү: айланма экономиканын принциптерин киргизүү, кайра иштетүү деңгээлин жогорулатуу жана калдыктардын пайда болушун азайтуу.
Учурда 2028-жылга чейин жашыл экономика программасынын жаңы концепциясы иштелип чыгып, бекитүүнү күтүп жатат, ал мурунку программанын жетишкендиктерин тастыктап, өлкөнүн алдына жаңы максаттарды жана милдеттерди коёт. Ошондой эле коомдук талкуулардын соңунда чакан жана орто бизнес үчүн жашыл мамлекеттик стимулдарды кеңейтүү үчүн негиз боло турган жашыл таксономиянын долбоору каралат.
Концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды мобилизациялоо гана эмес, ошондой эле жеке сектордун активдүү катышуусу жана эл аралык кызматташтык керек. Бул чакан жана орто ишканалардын бизнес практикасына жашыл трансформацияны киргизүү үчүн өбөлгөлөрдү түзөт, бул алардын көмүртектүү изин азайтууга жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жардам берет.