Ош облусунун Ноокат районунда органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгара турган завод курулуп жатат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги тарабынан заводду куруу үчүн керектелген 15 млн долларлык жабдыктар Кытайдан алып келингенин министрликтен кабарлашты.
Кулатов айыл аймагындагы органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу заводдун курулушунун биринчи этабы 2025-жылы аяктап, ишке берилет.
Долбоордун жалпы наркы 260 млн долларды түзөт. Ал «органикалык жер семирткичтер технопаркы» долбоорунун бир бөлүгү болуп, курулуш төрт этапты камтыйт.
Заводдун биринчи этабы жыл сайын 100 миң тонна органикалык жер семирткичтерди өндүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталат.
Жер семирткичтерди өндүрүүдөн тышкары, долбоордун алкагында айыл чарба техникаларын жыйноочу завод курулат. Бардык этаптар аяктагандан кийин ишкана жылына 500 миң тоннага чейин жер семирткичтерди чыгара алат жана 1 миңден 2 миңге чейин жумуш орундарын түзөт.
Жогоруда айтылган заводду куруу боюнча келишимге 2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Сиань шаарында кол койгон.