Connect with us

Ташиев эже-сиңди Максатбековалардын турак жай маселесин чечти 

Кыска кабар | 21 Ноя 2024 | 65 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыймылсыз мүлккө болгон укуктарын калыбына келтирүүгө жардам сурап кайрылган эже-сиңдини кабыл алып, турак жай маселесин чечип берди.

УКМКдан маалымдашкандай, күн мурун Камчыбек Ташиевдин дарегине 20 жана 12 жаштагы Асел, Асыл Максатбековалар социалдык тармак аркылуу Бишкек шаарынын Чымкент көчөсүндө жайгашкан үйгө болгон укуктарын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Маалыматка караганда, аталган мүлк кыздарга оорудан улам каза болгон апасынан мураска калган, ал эми кыздардын атасы жол кырсыгынан көз жумган.

Кайрылуунун себебин иликтөө учурунда кыздардын апасы үйдү Н.Т. Сапегинден сатып алгандыгы аныкталды. Бирок документ мамлекеттик каттоо органында катталбай калган. Муну Мамкаттоонун архивинде белгиленген келишим тастыктап турат. Сапегин каза болгондон кийин анын аялы жана кызы эже-сиңди Максатбековдордон үйдү бошотууну талап кылышкан.

УКМК башчысы Максатбековалардын үй-бүлөсүнүн турак жай маселесин мыйзамдарга ылайык кыска мөөнөттө чечүү тапшырмасын берди. Такталгандай, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан одоно каталарга жол берилген. Анткени үйдүн юридикалык тиешелүү документтерин реестрде өз убагында катташкан эмес, буга байланыштуу мурунку кожоюндар тарабынан үйдү кайра сатууга жол берилген, бул эже-сиңди Максатбековалардын күнөөсү жок экендигин күбөлөндүрөт. Мындан улам кыздардын турак жайынын жанында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн бир тууган эже-сиңдилерге 3 бөлмөлүү эки батир берүү боюнча курулуш компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM