Connect with us

8-ноябрда күн суук болот

Кыска кабар | 7 Ноя 2024 | 386 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 8-ноябрда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар жаайт.

Күндүз Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Калган аймактарда жаан, кар жаайт.

Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6

Нарын облусунда  түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4

Бишкекте абанын температурасы тункүсүн -3…-5°, күндүз +3…+5° жылуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM