Биз менен байланышыңыз

Президент Азия өнүктүрүү банкын «Камбар-Ата 1» ГЭСин курууга катышууга чакырды

Кыска кабар | 4 Ноя 2024 | 97 | 0

Президент Садыр Жапаров 4-ноябрда Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Инмин Янды кабыл алды. Сүйлөшүүдө Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын кызматташтыгына 30 жыл болгону белгиленип, банк Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң колдоо көрсөткөнү айтылды.

Садыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкына «Камбар-Ата 1» ГЭСинин долбоорун курууга катышууга чакырды.

Мындан тышкары, өткөн жылдар коррупция менен күрөшүүгө жана криминалдын таасирин жоюуга арналганын, бул өлкөнүн мындан аркы экономикалык өсүшү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн бекем пайдубал түптөөгө мүмкүндүк бергенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров эми негизги көңүл экономикалык өнүгүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди чечүүгө буруларын айтты.

Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жакшы жетишкендиктер болуп жатканын айткан. Банк мындан ары да гидроэнергетика жана энергиянын кошумча булактары, климат жаатындагы долбоорлор, ошондой эле инклюзивдик өнүгүүгө көмөктөшүүчү социалдык программалар сыяктуу артыкчылыктуу багыттарда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM