Биз менен байланышыңыз

Бишкекте студенттер 5-6-ноябрда онлайн окуйт

Кыска кабар | 4 Ноя 2024 | 90 | 0

Бишкекте 5-6-ноябрь күндөрү бардык билим берүү мекемелери аралыктан окутууга өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Түркиянын президентинин  жана Венгриянын премьер-министринин Бишкекте боло турган мамлекеттик сапары жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу кабыл алынган.

Эске салсак, 6-ноябрда борбор калаада Түрк мамлекеттеринин уюмунун кезектеги он биринчи саммити өтөт. Саммитке уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын өлкө башчылары катышат.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM