Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жер титиреди

Кыска кабар | 4 Ноя 2024 | 115 | 0

 Сейсмология институтунун маалыматына ылайык бүгүн, 4-ноябрда саат 05:31де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Бедел айылында 2,5 баллга (Бедел айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта, Кумтөр ишканасынан 70 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 125 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM