Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги №23 мектеп жабылды, ордуна жаңысын салуу каралууда

Кыска кабар | 31 Окт 2024 | 74 | 0

Бишкектеги №23 мектеп жабылганын мэриядан кабарлашты. Мектеп эскирип, авариялык абалга келгенине байланыштуу тиешелүү адистер аны сүрдүрүп, ордуна жаңы мектеп куруу маселесин карап жатышат.

“Эгер бул мектепти бузуу чечими кабыл алынса, ал бузулуп, заманбап талаптарга ылайык жаңы мектеп курулат.

Окуучулардын үзгүлтүксүз билим алуусун уюштуруу максатында күзгү каникул аяктагандан кийин окуучуларды башка мектептерге бөлүштүрүү иштери жүргүзүлөт” , — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM