Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Германиянын Мюнхен шаарына барат. Сапардын алкагында Мюнхенде өтө турган «Кыргызстандын экономика күнү» деген темада кыргыз-герман бизнес-форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйынына катышат.
Ошондой эле, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, ар кандай ишканаларды кыдырат.
2023-жылдын ноябрында жана 2024-жылдын июнунда «Кыргызстандын экономика күнү» форматындагы бизнес форумдар буга чейин Гамбург жана Франкфурт шаарларында өткөн.