Биз менен байланышыңыз

31-октябрдын аба ырайы

Кыска кабар | 30 Окт 2024 | 99 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 31-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз жаан-чачын болбойт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок  жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн +1…+3°, күндүз +14…+16° жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM