Connect with us

Быйыл «Алтын топту» испаниялык футболчу Родри алды

Кыска кабар , Спорт | 29 Окт 2024 | 1032 | 0

Быйыл «Алтын топту» Испания курама командасынын оюнчусу жана англиялык «Манчестер Ситинин» жарым коргоочусу Родри алды.

28 жаштагы Родри (Родриго Эрнандес) 2024-жылы Европанын футбол чемпионатынын эң мыкты оюнчусу деп табылып, Испания курамасы жеңип алган, ошондой эле Манчестер Сити менен Англия чемпиондугун жеңип алган.

Ал «Реал Мадриддин» жана Бразилия курама командасынын чабуулчусу Винисиусту озуп өтүп, France Football журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн эң мыкты футболчусу деп таанылган англиялык клубдун тарыхында биринчи оюнчу болуп калды.

Сентябрь айында алган жараатынан улам балдак менен сахнага чыккан Родри: «Мен  жана үй-бүлөм, өлкөм үчүн өзгөчө күн» деди.

«Бүгүнкү жеңиш бир гана мен үчүн эмес, испан футболу үчүн, бул сыйлыкка татыктуу болупбирок албай калган Андрес Иньеста, Хави Эрнандес, Икер Касильяс, Серхио Бускетс жана башка көптөгөн оюнчулар үчүн«, — деди футболчу.

Родриден тышкары Винисиус Жуниор, Жуд Беллингем жана Дэниел Карвахаль «алтын топ» алууга талапкер болчу. Алардын баары Реал Мадрид клубунун оюнчулары.

«Реал Мадриддин» жарым коргоочусу Жуд Беллингем үчүнчү орунду ээледи, бул Фрэнк Лэмпард 2005-жылы экинчи орунду алгандан берки англиялык оюнчу үчүн эң мыкты финиш.

«Реал Мадрид» 2023/2024 сезонунун мыкты клубу наамына ээ болду, ал эми анын машыктыруучусу Карло Анчелотти жылдын мыкты машыктыруучусу наамын жеңип алды, бирок Париждеги салтанатка Реал Мадриддин бир дагы өкүлү барган жок.

Мадриддик клуб Винисиус «Алтын топту» албайт деген маалыматтан кийин ага бойкот жарыялоону чечкени белгилүү болгон.

Былтыр бул абройлуу сыйлыкты аргентиналык Лионель Месси алган. Анын коллекциясында буга чейин сегиз «Алтын топ» бар жана ал сыйлыктардын саны боюнча рекорд койгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM