Биз менен байланышыңыз

Президент: Мугалимдердин маянасы орточо эмгек акыга теңдештирилди

Кыска кабар | 5 Окт 2024 | 104 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мугалимдерди Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Анда сөз сүйлөп жатып, билим берүү системасынын бир кылымдык тарых-таржымалы жаатында илимий эмгектер, макала-материалдар даярдалып, коомчулукка сунушталышы жана жайылтылышы керектигин айтты.

Билим берүү тармагында бала бакчага кабыл алуудан баштап, жогорку окуу жайларга тапшырууга чейин – санариптештирүү жаатында бир топ алгылыктуу иштер аткарылганын билдирди.

Мындан сырткары, мугалимдердин маяналары орточо эмгек акыга теңдештирилип, мунун натыйжасында мугалимдердин жетишсиздиги 3,5 эсе кыскартылганын кошумчалады.

2020-жылы билим берүүгө бөлүнгөн бюджеттин көлөмү 36 миллиард сомдон, быйыл, 65 миллиард сомго чейин көтөрүлдү.

Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө «Мугалимдер» күнү белгиленет. 2014-жылы өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган.

Улуттук статистикалык комитет мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелерин, мектептерде эркек мугалимдерге караганда аял мугалимдер пайыз менен алганда кыйла жогору экенин билдирди.

Мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 86 пайызын аялдар түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM