Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү ачылды

Кыска кабар | 4 Окт 2024 | 80 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкектеги Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү ачылды. Эми түштүк тарап жабылат. Маалыматты Бишкек мэриясынан кабарлашты.

4-октябрда Жибек-Жолу проспектисинин түндүк тарабы Абдрахманов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин ачылды.

Ошол эле учурда, Жибек-Жолу проспектисинин түштүк тарабы Сүйүмбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин жабылды.

Жалпысынан Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM