Биз менен байланышыңыз

УКМК: Баткенде алтын кени мамлекеттин балансына кайтарылды

Кыска кабар | 4 Окт 2024 | 96 | 0

Баткен облусунда  50 млн долларга бааланган «Апрелское AZI» алтын кени Жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлигинин балансына өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдоо, ошондой эле Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында иликтенген.

Аталган жерде алтындын жалпы кору 10 тоннага жакын жана 15 тонна күмүштү түзүп, алдын ала эсептөөлөр боюнча кендин баасы 50 миллион АКШ доллары экени кабарланды.

Учурда УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM