Биз менен байланышыңыз

Энергетика министри авариялык өчүрүүлөрдүн себебин түшүндүрдү

Кыска кабар | 4 Окт 2024 | 100 | 0

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев калкты 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Штабдын жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика кыш мезгилинде калкты жана ишканаларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоодогу негизги көйгөйлөргө токтолду.

Энергетика министри 3,9 млрд кВт саат электр энергиясынын таңкыстыгы бар экенин жана эл электр энергияны үнөмдүү эмес колдонуусуна байланыштуу авариялык өчүрүүлөрдүн кескин көбөйөрүн белгиледи. Тармактын ашыкча жүктөлүшүнө жана аварияларга алып келген 2976 учур катталды, бул мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла жогору экени айтылды.

Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Байгазиев жылуулук электр борборунда негизги жабдууларды, анын ичинде от казандарды жана турбоагрегаттарды оңдоодогу көйгөйлөр боюнча айтты.

Бакыт Төрөбаев мүмкүн болгон жарылууларды токтотуу системасын орнотууну тездетүү боюнча тапшырмаларды берди.

Жыйын соңунда энергетика тармагындагы абалды жакшыртуу жана кышка даярдыкты жогорулатуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM