Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Окт 2024 | 64 | 0

Өзбекстанда Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасына жана жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо өтүп жатат.

Добуш берүү саат 20:00гө чейин уланат.

Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу парламенттик шайлоо мажоритардык жана пропорционалдык системаны айкалыштырган аралаш система менен өтүп жатканын «Газета.Уз» басылмасы жазды.

Шайлоодо Өзбекстандын 5 партиясы ат салышууда, алар:

Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы ;
«Миллий тикланиш» Демократиялык партиясы;
Өзбекстандын Экологиялык партиясы;
Өзбекстан Элдик Демократиялык партиясы;
«Адолат» социал-демократиялык партиясы.

Парламенттик шайлоодо 150 депутаттык мандаттын 75и бир мандаттуу шайлоо округдардан, ал эми калган 75и  пропорционалдуу партиялык тизме боюнча шайланат.

Республикада буга чейин парламенттик шайлоо 2019-жылы өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM