Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Израилдин Иранга урган соккусунан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кыска кабар | 27 Окт 2024 | 57 | 0

Ирандын аскердик инфраструктурасына жасалган бир катар аба соккуларынан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, Кыргызстандын Ирандагы элчилиги өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта.

Эске салсак 26-октябрда түнкүсүн Израиль армиясы Ирандын курал жарак чыгарган ишканаларына жана аскердик объектилерине ракета менен сокку урган.

Израиль бийлиги чабуул Ирандын 1-октябрда Израилге жасаган соккусуна жооп иретинде кайтарылганын билдирген.

Иран бийлигинин тараткан маалыматы боюнча чабуулдардан 2 аскер каза тапкан. Кийинчерээк дагы эки жаран каза болгондугу тууралуу маалыматтар тараган.

Иран Израилдин бардык агрессиясына жооп кайтара турган билдирүүсүн Ирандын «Тасним» агенттиги жазды.

Мындай билдирүүдөн кийин  ЦАХАЛдын пресс-катчысы Даниел Хагари «эгер Иран эскалациянын жаңы раундун баштаса Израил жооп берүүгө милдеттүү»,- деп билдирген.

АКШ Тегеранга түнкү кол салуудан кийин Израил менен Ирандын ортосундагы соккуларды алмашуу аякташы керектигин, Иранды Израилге жооп кайтаруудан баш тартууга үндөгөн билдирүүсүн таратты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM