Биз менен байланышыңыз

Армения менен Азербайжан тынчтык келишимине жетүүнү макулдашууда

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Окт 2024 | 120 | 0

Армения менен Азербайжан тынчтыкка жетишүү үчүн бардык фундаменталдуу маселелер боюнча макулдашканын Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Казандагы саммитте “БРИКС плюс” форматындагы жолугушууда билдирди.

Анын айтымында Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтык келишими 80-90% макулдашылган, аймактык бүтүндүктү өз ара таануу жана келечекте эки өлкө бири бирине дооматтарды койбостон дипломатиялык мамилелерди түзүүгө ыкталганын билдирди.

Ошондой эле Армениянын премьер министри Никол Пашинян Азербайжандын эсклавы катары эсептелген Нахичевань аймагына транспорттук байланышты камсыз кылууну сунуштап, эки өлкө ортосундагы фундаменталдык мамилелерди бекемдөө үчүн  келишимге кол коюуга Азербайжанды чакырды.

Сөзүнүн соңунда Пашинян Нахичевань менен байланышты камсыз кылуу Еревандын каалоосу экенин айтып, ошол эле учурда Армения коопсуздукту камсыздоого үчүнчү өлкөнүн катышуусуна макул болгон деген айыптоолорду четке какты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM