Биз менен байланышыңыз

«Пенсияны көтөрдүк». Жапаров улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Окт 2024 | 124 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрь – Улгайган курактагы жарандардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Өлкө башчы улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясат адам укуктарын ишке ашыруу жаатындагы ратификацияланган эл аралык келишимдерге, Конституция баш болгон мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылып келерин белгиледи.

Аларды татыктуу пенсия менен камсыздоо аракеттери акыркы үч жылда чоң көрсөткүчкө жогорулаганын айтты.

2022-жылы пенсия орточо 33 %га көбөйсө, 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомго чейин, ал эми пенсиялар 38 %га жогорулады.

2024-жылы пенсияны эки этап менен жогорулатып, октябрь айынан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6900 сомго жеткирүү тапшырмасы коюлган. 1-июлдан тарта пенсия 3170 сомго жеткирилген.

2024-жылдын 1-октябрынан тарта камсыздандыруу бөлүгү 18 %га жогорулап, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6900 сомду түзөт.

«Мына ушундай аракеттердин жана жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Конституциянын 44-беренесинин ченемдерин аткарууга жетиштик. Мамлекет мындан ары да улуу курактагы адамдар үчүн татыктуу, туруктуу жана канааттандырарлык келечекти камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча тынымсыз иш алып барууда» , — деди өлкө башчы.

Улгайган курактагы жарандардын майрамы жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 1990-жылдын декабрында чечим кабыл алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM