Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы 12 жаңы имарат куруп жатат

Кыска кабар | 24 Сен 2024 | 94 | 0

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы 12 жаңы электр тармактар ишканасынын, РЭТтин жана электр энергиясын сатуу кызматтарынын административдик имараттарын куруп, ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берет. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Компаниянын 2024 – жылга капиталдык курулуш боюнча планына өз каражаттарынын эсебинен 12 жаңы административдик  имараттарды куруу киргизилген. Алар  электр тармактары ишканаларына, райондук электр тармактарына (РЭТ), электр энергиясын сатуу кызматтарына, жана электр тармактар  участокторуна. Булардын ичинен 3 имарат пайдаланууга берилди. Алар – Токтогул жана Сокулук электр тармактарынын эки участогу жана Сузак электр энергиясын сатуу кызматынын административдик имараттары.

Кийинки 9 имарат жылдын аягына чейин бүткөрүлөт:

-Баткен шаарындагы Баткен электр тармактар ишканасынын административдик имараты;

-Сүлүктү шаарындагы Сүлүктү райондук электр тармактарынын административдик имараты;

-Кара-Кулжа айылында Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасынын административдик имараты;

-Ивановка айылындагы Ысык-Ата райондук электр тармактарынын административдик имараты;

-Бишкек шаарындагы маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун административдик имараты;

-Ноокат районундагы Кулатов электр тармактар участогу;

-Араван районундагы Чек-Абад электр тармактар участогу;

-Аксы районундагы Кызыл-Жар электр тармактар участогу;

-Сузак  районундагы Кызыл-Туу электр тармактар участогу.

Курулуп жаткан административдик имараттар керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөө үчүн жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын тармактарына толук аймактык байланыштыруу менен электр энергиясын эсепке алууда санариптик технологияларды пайдалануучу заманбап диспетчердик жана дистанциялык борборлор менен жабдылат.  Мындан тышкары, керектөөчүлөр үчүн кезектин электрондук системасы жана күтүү жайы ынгайлуу шарттары менен заманбап бирдиктүү терезелер иштейт.

Райондук электр тармактарынын көптөгөн имараты 60-70 жыл мурда курулуп жана эскилиги жеткен. Айрым  электр тармактарында участоктордун жайлары болгон эмес, ошон үчүн ижарага алууга муктаж болушкан.

Бул жылы Жалал-Абад шаарындагы  электр энергиясын сатуу кызматынын борбордук имаратында, Базар-Коргон жана Токтогул РЭТтеринде капиталдык ремонт жүргүзүлдү. Кийинки жылы райондук электр тармактарынын административдик имараттарын капиталдык оңдоону жана жаңы курууну улантуу пландаштырылууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM