Биз менен байланышыңыз

Аймактардагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилет

Кыска кабар | 17 Окт 2024 | 201 | 0

Президент Садыр Жапаров дагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, өзгөчө макам Баткен мамлекеттик университети, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети жана Талас мамлекеттик университетине берилет.

Жогорку окуу жайларга өзгөчө макам берүүнүн негизги максаты: финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарды консолидациялоо. Мындан сырткары Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын дүйнөлүк рыноктогу мүмкүнчүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Буга чейин өзгөчө макам Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына жана Ош мамлекеттик университетине берилген.

Copyright © 2017 Maral FM