Биз менен байланышыңыз

Чүй облусунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттердин иши талкууланат

Кыска кабар | 24 Сен 2024 | 65 | 0

Кыргызстандын аймагында үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу алдын алуу боюнча активдүү иш-аракетттер өтө маанилүү. Буга байланыштуу 2020-жылы өкмөт жер-жерлерде зомбулук менен күрөшүү максатында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттерди түзүү демилгесин көтөргөн.

2023-жылдын октябрынан 2024-жылдын июнь айына чейин Чүй облусунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттердин мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдыгын жогорулатуу долбоору ишке ашырылды. Ага Токмок шаары, Ивановка (Кең-Булуң), Байтик жана Беловодск айыл өкмөттөрү камтылды. Долбоордун алкагында комитеттердин ишин жакшыртуу максатында окуу-семинарлары өткөрүлүп, Токмок шаарында, Байтик жана Беловодск айыл өкмөттөрүндө жаңы комитеттер түзүлдү. Беловодск айыл өкмөтүндө иштеп жаткан комитеттердин курамы жаңыланды.

Долбоордун алкагында жаңы түзүлгөн комитеттерди Балыкчы шаардык комитетинин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында тажрыйба алмашуу сапары болгон. Кризистик борбор Балыкчы шаарынын мэриянын колдоосу менен үй-бүлөлүк зомбулуктун ар бир инцидентин алдын алуу жана дароо чара көрүү үчүн түзүлгөн.

Ошондой эле, долбоордун алкагында жергиликтүү адистер үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдар үчүн коррекциялоо программасы боюнча окутулду. Мектептерде психологдун үй-бүлөдө жана коомдо зордук-зомбулуксуз мамиле куруу боюнча лекциялар өткөрүлдү.

30-сентябрда өкмөт өкүлдөрү, комитеттерде иштеген активисттер, ошондой эле гендердик маселелер жана адам укуктарын коргоо жаатындагы эксперттер катышкан талкуу өтүп, жогоруда айтылган долбоордун жыйынтыгы чыгарылат. Талкууда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуудагы жергиликтүү комитеттердин ролу, аймактык активисттер туш болгон көйгөйлөр, зомбулуктун курмандыктарын коргоо боюнча тиешелүү министрликтер менен ведомстволор тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу негизги маселелер көтөрүлөт.

Өзгөчө көңүл комитеттер зомбулук инциденттерине кантип эффективдүү чара көрө алаарына жана аны алдын алуу үчүн жамааттар менен кантип иштеше ала турганына бурулат.

“Чүй облусунун үч айыл өкмөтүндө жана Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча комитеттеринин мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдыгын жогорулатуу” долбоору АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык комиссиясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM