Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура Ноокатта 48 батирлүү үй мамлекетке өткөнүн билдирди

Кыска кабар | 24 Сен 2024 | 88 | 0

Ош облусунун Ноокат шаарында 48 батирлүү үй мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, Ноокат шаарында 48 батирлүү үй 0,48 га жер тилкеси менен бирге Ноокат шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке тарапка мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталып, сот органдарына доо арыз келтирилген.

Доо арыз сот органдары тарабынан канааттандырылып, мыйзамсыз түзүлгөн келишимдер жараксыз деп табылган.

Натыйжада, Ош облусунун прокуратурасы тарабынан прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 93 миллион 221 миң сомго бааланган 48 батирлүү үй 0,48 га жер тилкеси менен Ноокат шаарынын муниципалдык балансына алынды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мыйзамсыз менчиктештрилген объекттер жана жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM